"Барселона" "Наполиге" каршы ойнойт. Европа Лигасынын 1/8 финалга чейинки баскычындагы бардык атаандаштар аныкталды

Бүгүн, 13-декабрда Швейцариянын Ньоне шаарында Европа Лигасынын 1/8 финалга чейинки баскычында атаандаш боло турган командаларды аныктоо үчүн чүчү-кулак кармоо иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жарыялашты.
Чүчү-кулактын жыйынтыгында Европа Лигасынын бул бөлүгүндө кез келе турган 16 команда төмөнкүдөй жуптарга бөлүндү:
- "Севилья" (Испания) - "Динамо Загреб" (Хорватия)
- "Аталанта" (Италия) - "Олимпиакос" (Греция)
- "РБ Лейпциг" (Германия) - "Реал Сосьедад" (Испания)
- "Барселона" (Испания) - "Наполи" (Италия)
- "Зенит" (Орусия) - "Бетис" (Испания)
- "Боруссия Дортмунд" (Германия) - "Рейнджерс" (Шотландия)
- "Шериф" (Молдова) - "Брага" (Португалия)
- "Порту" (Португалия) - "Лацио" (Италия)
Европа Лигасынын 1/8 финалга чейинки баскычына жалпы 16 команда өткөн. Алардын сегизи Европа Лигасынын тайпалык баскычында өз тайпасында 2-орунду ээлеген командалар. Ал эми калган 8 команда Чемпиондор Лигасынын тайпалык оюндарында өз тайпасында 3-орунду багындырган командалар.
Бул баскычта жеңүүчү болгон 8 команда Европа Лигасынын буга чейинки тайпалык оюндарында өз тайпасында жеңүүчү аталган 8 команда менен кайрадан 1/8 финалда беттешет.



1 |