super.kg logo

Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында башкы балаты 17-декабрда жандырылат

 

Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында башкы балаты 17-декабрда жандырылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Вице-мэр Виктория Мозгачева Бишкек шаарында жаңы 2022-жылды тосуу боюнча жаңы жылдык майрамдык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча шаардык штабдын жыйынын өткөрдү. Шаардык жана райондук кызматтар Жаңы жылга карата даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат беришти.

Вице-мэр алдын ала 17-декабрга белгиленген балатыны жандыруу аземине чейин ишти өз убагында бүтүрүү зарылдыгын билдирди. Мындан тышкары Виктория Мозгачева облустук акимчиликтердин Жаңы жылды майрамдоого даярдык көрүү, Жаңы жылдык жарманкелерди уюштуруу, шаарды бирдиктүү стилде жасалгалоо боюнча начар иштерин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: