super.kg logo
  Спорт  

Атаандаштарды аныктоодо эреже бузулган. Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалы үчүн болгон чүчү-кулак кармоо кайрадан өткөрүлөт

 

Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалдык баскычындагы атаандаш командаларды аныктоо үчүн болгон чүчү-кулактын жыйынтыгы жокко чыгарылып, кайрадан өткөрүлөт. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "Атлетико Мадрид" жана "Вильяреал" клубдары чүчү-кулактын жыйынтыгына нааразычылык билдиришкен. Алар "Манчестер Юнайтед" менен "ПСЖ" клубдарынын бири-бирине каршы келиши одоно түрдө эрежени бузуу менен ишке ашканын айтып чыгышты.

Тактап айтканда, Андрей Аршавин "Вильяреал" клубунун атаандашын аныктоо үчүн корзинадан кагазды алганда "Манчестер Юнайтед" клубу чыккан. Бирок бул эки команда тайпалык оюндарда кез келгендиктен чүчү-кулак кайрадан ойнотулган. Экинчи ирет алып чыкканда "Манчестер Сити" командасы чыккан. Ал эми "Манчестер Юнайтед" корзинага кайра салынбагандыктан "Атлетико Мадрид" менен болгон атаандаштык аймагына кирбей калган. Бирок бул учурда мадриддик клуб менен тайпалык баскычта оюн алып барган "Ливерпуль" корзинада болгон.

Жыйынтыгында "Атлетико Мадридге" "Бавария" туш келип, "Манчестер Юнайтед" болсо акырында "ПСЖ" менен калган.

Жыйынтыкка социалдык тармактардын колдонуучулары да нааразычылыгын билдиришип, чүчү-кулакты кайрадан эрежеге ылайык өткөрүүнү талап кылышууда. Социалдык тармактарда көпчүлүк чүчү-кулак атайын жасалганын айтып чыгышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.12.2021. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Реал Мадрид ПСЖ
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: