super.kg logo

"Улуу көчмөндөрдүн мурасы" улуттук холдинг компаниясы түзүлдү

 

Уставдык капиталында мамлекеттин 100 пайыз катышуусу менен "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коому түзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Аталган чечим президенттин 29-январдагы №5 “Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында кабыл алынган.

"Улуу көчмөндөрдүн мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомун түзүүнүн негизги максаты эл аралык тажрыйбаны пайдалануу менен жер казынасын пайдалануу жана ага байланыштуу экономикалык тармактардагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик ресурстарды максималдуу топтоштурууга жөндөмдүү ири интеграцияланган структураны түзүү болуп саналат.

Белгилей кетсек, "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун түзүүчүсү катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги чыгууда.

"Улуу көчмөндөрдүн мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун уставдык капиталы 100 миллион сом өлчөмүндө белгиленген.

2022-жылы аталган коом уставдык капиталынын өлчөмүн 1 миллиард сомго чейин жеткирилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: