Кыргыз мамлекети менен Улуу Британия, Түндүк Ирландия өкмөтүнүн ортосундагы капиталдын өсүшүнө кош салык салууну болтурбоо боюнча макулдашуу каралды

Бүгүн, 13-декабрда Кыргыз мамлекети менен Улуу Британия, Түндүк Ирландия өкмөтүнүн ортосундагы капиталдын өсүшүнө кош салык салууну болтурбоо боюнча макулдашуу каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жыйында баяндама жасаган экономика жана коммерция министринин орун басары Эльдар Алишеров белгилегендей, макулдашуунун максаты өнөктөш өлкөлөр ортосундагы кош салык салууну болтурбоо жана ар бир мамлекетке кирешелердин жана капиталдын аныкталган түрлөрүнө салык салуу укугун бекитүү. Ошондой эле чарбакер субъекттердин кирешелерине жана капиталына карата ар кайсы өлкөдө бирдей салыктар менен кош салык салууну жокко чыгаруу болуп саналат.
Аталган мыйзам долбоору киреше жана капиталдын белгилүү түрлөрүнө салык салуу укугун ар бир мамлекетке бекитип берүү жолу аркылуу өнөктөш өлкөлөр жана чет өлкөлөр ортосундагы өз ара салыктык мамилелерди жөнгө салууну камтыйт.

