super.kg logo

Донбасстагы кыргыз аскери жардам сурайт: "Өлкөмө барып койчу болуп же көчө шыпырып жүргөнүм жакшы эле..."

 

SUPER.KG порталына Донбасс Эл Республикасында (ДЭР) аскер кызматын өтөп жаткан Кыргыз жараны Бекмырза Алыкулов (ред.: каармандын суранычы боюнча аты-жөнү өзгөртүлдү) кайрылды. Ал өзүнүн башынан өткөргөн окуяларын, мекенине болгон сагынычын айтып, өлкөгө келүүгө жардам сурады.

Сөз башынан болсун...

Донбасска сапар

Донбасста 2014-жылы согуш башталган. Бул жакка 2016-жылы келгем. Ал учурда Орусияда башка адамдар сыяктуу эле мигрант болуп иштеп жүргөм. Ошол учурда Донбасстын армиясына жардам берүү максатында келгенбиз. Бир топ кыргыз балдары бар болчу. Алардын кээ бирлери каза болушту.

Эки жолу жарадар болдум. Кудайга шүгүр, азыр ден соолугум жакшы.

Бул жактан бир кыргыз агабыз Кыргыз өлкөсүнө кеткен. Ал бизге "келбей эле койгула. Барсаңар камалып кетесиңер" деп айткан. Ошол үчүн өлкөбүзгө бара алган жокпуз. Согуш жүргөн аймакка Кыргыз мамлекетинин атынан келген эмеспиз. Ошондуктан бул жерде расмий эмес жүрөбүз.

Донбасста расмий аскер кызматкеримин. Орусиянын жарандыгын алып, аскер кызматына өтүп кетсем деле болот. Бирок өзүмдү мекенчил деп эсептейм. Өлкөмө баргым келет.

Жардам сурап...

Кыргыз өлкөсүнүн элчилиги менен байланыша албай жатам. Мамлекетке эч жерде болгон эмесмин деп алдап баргым келбейт. Ачык түрдө айтып баргым келет. Бул жакта жүргөндөрдүн көбү Орусиянын жарандыгын алышкан. Мен жарандыгымды алмаштырган жокмун. Кыргыз паспортум жарылуу учурунда жоголуп кетти. Азыр убактылуу ДЭРдин документи менен жүрөм. Учурда бул мамлекет расмий түрдө тааныла элек. Орусиядан сырткары.

Жардам сурап кайрылбаган жерим калган жок. Үзүлбөгөн үмүт менен массалык маалымат каражаттарына кайрылууга туура келди.

Мекенге болгон сагыныч

Өлкөмө кайткым келет. Ош облусунун аймагында жарык дүйнөгө келгем. Айылымды, туугандарымды сагындым. Менин жакындарымдын баары Кыргыз өлкөсүндө. 10 жылдан бери эч кимисин көрө элекмин. 2010-жылы өлкөдөн чыккан боюнча кайтып бара алган жокмун. Ата-энемдин көзү өтүп кетти. Азыр эч жакка чыга албайм. Же башка мамлекетке, Кыргыз өлкөмө бара албайм.

Согуштун кесепети

2014-жылдан бери согушта көптөгөн адамдар курман болду. Алардын арасында ар түрдүү улуттагы адамдар бар. Бул жакта адамдар согуштан чарчашты. Мен дагы чарчадым.

Мекендешибиз ДЭРде аскер кызматын өтөп жатат

Учурда аскер бөлүгүн, финансы структураларын карайбыз. Азыр мурункудай согуш жок. Менин 3 айдан соң түзгөн келишимим аяктайт. Андан соң өлкөмө кетсем деген оюм бар.

Үзүлбөгөн үмүт

Кыргыз өлкөмө барып койчу болуп же көчө шыпырып жүргөнүм жакшы эле.

Маалымат үчүн:

Донецк Эл Республикасы - эл аралык таанымга ээ болбогон республика.

2014-жылдын февраль айында Украинада мамлекеттик төңкөрүш болуп президент Виктор Янукович бийликтен кулатылган. Андан кийин орус тилдүү калк басымдуулук кылган өлкөнүн чыгышында массалык нааразычылык акциялары башталган. Буга жооп катары Киев бийлиги ошол эле жылдын апрель айынын ортосунда Донбасста аскердик операциясын баштаган. Турак-жайларды массалык түрдө аткылоо, анын ичинде учактарды колдонуунун кесепетинен Донбасс массалык гуманитардык кырсыкка кабылган. Анын кесепетинен 13 миңден ашуун адам курман болгон.

2019-жылдын жазында өткөн президенттик шайлоодо Володимир Зеленский Донбасска тынчтык орнотууну убада кылган, бирок азырынча бул маселе чечиле элек.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(15)
14.12.2021. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Шордуу кыргыз жүрбөгөн жери жок экен да.Эмнеге барасыңар силерди бирөө зордодубу же акча төлөп беребиз дедиби? Өз мекенин коргоого бар бөтөн элдин мамилесине кийлигишпей. Эмнеси болсо да аман эсен келип алгыла өз эл жеринерге.
14.12.2021. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кылгылыкты кылып, акчасын жеп бүткөндөн кийин жардам сураганы кандай? Террорист менен эле бирдей болуп калгандан кийин..
14.12.2021. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Булар орустун подхалимдери да.
14.12.2021. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Акчанын айынан барганда жон ким бармак

14.12.2021. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Убагында акча алып үнү чыкпай жүргөн паспорт жоголду эч ким болбой калыпсыңда эми
14.12.2021. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Тынчтыктын кадырына жетпесен согуш сени жазалайт . Мындай окуялар башка мигранттарга сабак болсо кана.. . Озуно тоодой проблеманы уйуп алыпсын, ак жол сага аман эсен келип ал .
14.12.2021. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мынча акча толойбуз десе,эч нерсени карабай кеткен да.Дальше эмне болушун ойлобой эле.Орустар пайдаланып кетиптир мигрантты
14.12.2021. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Баарын эле жаман жазыптырсынар адашпаган эч Ким жок баарынар эле таптаза эмессинер адашкансынар Бир боорубуз олкобузго Аман эсен келсин
14.12.2021. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Володимир дээээ иии Супер ай Супер ай качааан онолосунар?
14.12.2021. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Jibani,ушул жерде акылдуусынба аты чын эле Володимир сен ойлогондой Владимир эмес
14.12.2021. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Террорист турбайсыңбы!!!!!
14.12.2021. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
PROS,сепаратист террорист эмес
14.12.2021. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жардам бергени барыпсың эми "даканса" жардам берда
15.12.2021. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Джентльмен удачи".
22.12.2021. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аман эсен өз мекенине кайтып келип алса экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: