Шайлообек Атазов: "Мага ушундай мамиле жасап жатышса, анда жөнөкөй адамдарды жөн эле тебелеп кетип жатыптыр да"
Бишкек шаарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына №8 Төлөйкан шайлоо округунан талапкер болгон Шайлообек Атазов шайлоодо добуш сатып алуу боюнча маалымат жыйын берген.
Анда Атазов №8 Төлөйкан шайлоо округунда шайлоо учурунда одоно мыйзам бузулганын, фактылар турса дагы БШК чечим кабыл албай жатканын айтты.
"Мага азыр Папан, Төлөйкан аймактарынан аксакалдар таза шайлоону ордуна койгула деп кайрылып жатат. Эми анын баарын Ак Үйгө алып келишим керекпи? Мыйзамдын чегинде БШКнын мүчөлөрү отуруп, бул жерде добуш сатып алуу болуптур фактысы менен деп чечим кабыл алышы керек. Учурдагы депутатты ушинтип кысып, көз боёмочулук менен утабыз деп жатса, жөнөкөй жарандарыбызды тебелеп кетип жатыптыр да анда. Мен элдин үмүтүн коргош үчүн чыккан кишимин", - деди Атазов.
8-декабрда депутат Шайлообек Атазов кайрылуу жасап, Нурбек Алимбеков шайлоодо мыйзам бузууларга барганын айткан.
Мындан улам Нурбек Алимбеков Шайлообек Атазовго жооп кайтарган.


Мисалы соттуулугу жоюла электердин шайлоого катышуусу боюнча. Мисалы бир мандаттуу округдан шайлоого катышып аз кундо депутат болгону жаткан Ражабалиев менен Ташиевдин "Ата-Журтунан" шайлоого катышкан Боронбаев боюнча фактылар...
Нурлан Ражабалиев был признан виновным в коррупции на таможне в феврале 2021 года. Первомайский райсуд приговорил его к выплате штрафа в 260 тысяч сомов.
Ражабалиев проходил по делу экс-замглавы ГТС Райымбека Матраимова вместе с другим таможенником Абдыбахабом Боронбаевым, который также был признан виновным в коррупции и оштрафован на такую же сумму. Он также возместил ущерб государству в 8 млн сомов.
Матраимов дал показания против Ражабалиева и Боронбаева, когда заключил сделку со следствием. Ражабалиев был начальником Юго-Западной таможни, а Боронб
Эми мыйзамды ачып карагыла да, соттуулук деген нерсе канча убакта жоюлат деп карагыла. Аранарда юристтер да болсо керек. Ото ири масштабдагы коррупция боюнча соттолуп, куноосун мойнуна алып, Окмотко зыянды толоп бергендердин соттуулугу дароо токтойт бекен?!