super.kg logo
  Спорт  

"Мен сага машыккан кандай экенин көрсөтөм". Акжол Махмудов менен Роман Власов бири-бирине машыгуу менен жооп берүүдө

 

Олимпиаданын эки жолку чемпиону Роман Власов менен "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында күмүш байгеге ээ болгон Акжол Махмудов бири-бирине машыгуу менен жооп берүүдө.

Алгач Роман Власов социалдык тармактагы баракчасына кыска видео жүктөп, Акжол Махмудов менен боло турган беттешке даярдык экенин жазды.

"Акжол Махмудов, мен даярданып жатам", - деп жазды Власов.

Көп өтпөй эле ага Акжол Махмудов жооп берди. Анда кыргыз балбаны залда машыгып жаткан кыска видеосу менен бөлүшкөн.

"Роман Власов, биз дагы машыгуудабыз", - деп жазды Махмудов.

"Январь айында сен Москвага келгениңде мен чыныгы машыгууну көрсөтөм", - деп жооп берди Власов.

Сентябрь айында Роман Власов Акжол Махмудов менен килем үстүндө күрөшүү ниети бар экенин билдирген. Кийинчерээк Власов Акжол Махмудов менен боло турган күрөштү эртелетүү керектигин белгилеген. Эки балбан 12-декабрь күнү видео байланыш аркылуу сүйлөшүп, анда беттешти май айында өткөрүүнү чечишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
14.12.2021. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Хайп болуп баратат юфс ге окшоп
14.12.2021. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Власов не эле болуп жатат? Жон эле даярдана бербейби эми. Акжолго очошкондой мамиле жасап жаткандай сезилип жатат.
14.12.2021. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Зб кылды ушул экөөда.
15.12.2021. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Власов аркылуу кыргыз өлкөсүн,А.Махмудовду Россия тааныйт.Ашыкча жазып жатасынарбы дейм да...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: