Айыл өкмөт башчы жана мэрлик кызматтарга конкурс жарыяланды
Райондук маанидеги шаарлардын мэрлери жана айыл өкмөт башчыларын тандоо жана муниципалдык кадрлар резервине киргизүү үчүн мамлекеттик кызмат иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги конкурс жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын борбордук аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мыктыбек Өмүрзаков билдирди.
Конкурстун шарттары боюнча документтер 14-24-декабрга чейин кабыл алынат. Мамлекеттик резервге кирүү үчүн конкурс этаптар менен өткөрүлөт:
- Документтерди кароо
- КР мыйзамдарын билүүсү боюнча компьютердик тестирлөө
- Аңгемелешүү
Муниципалдык резервге тандалуучу адамдарга:
Жогорку билимдүү, райондук маанидеги шаарлардын мэрлигине 5 жылдан кем эмес мамлекеттик муниципалдык кызматта жана анын 3 жылы жетекчилик кызматта иштеген болуш керек деген талап коюлган. Ал эми вице-мэр болуучуларга мамлекеттик жана муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес стаж керектелет.
Айыл өкмөт башчылыгы кызмат ордуна – жогорку билимдүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы 5 жылдан кем эмес. Аны ичинде жетектөөчү кызматта 1 жылдык иш стажы, ошондой эле иштин башка чөйрөлөрүндө жетектөөчү кызматта 5 жылдан кем эмес тажрыйбасы керек.
Катышуучулар документтерди мамлекеттик кызмат иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин аймактык өкүлчүлүктөрүнө тапшыра алышат.


Баары коррупцияга келип такалат. Мына Жогорку Кенешке да миллиондорду чачып умтулуп жатышпайбы талапкерлер. Болбосо айлык маянасы 25-30 мин сом. 5 жылдагы айлык маянасы шайлоодо чачкан 5 миллион сомго жетпейт. Демек коррупция бар. Ото чон коррупция бар. Муну баары билет, эл-журт билет.