super.kg logo

Кыргыз өлкөсү-Бириккен Араб Эмираты кызматташтыгы талкууланды

 

Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмиратынын министрлер кабинетинин иши жана келечеги боюнча министри Мохаммад бин Абдулла Аль Гергави менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, тараптар эки мамлекеттин кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, ар кыл тармактагы чоң мүмкүнчүлүктөрдү белгилешти.

"Акыркы 9 айда 4 миңге жакын БАЭ жараны биздин өлкөгө келип кеткен. Мындан тышкары бир катар социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу уланууда. Буга чейин эле экономика жана инвестиция тармагында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү максатында эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда жумушчу топ түзүлгөн. Меморандумга кол коюу - бул биргелешкен иштин алгачкы жыйынтыгы экенин Жапаров билдирди.

Мохаммад бин Абдулла Аль Гергави өз кезегинде эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүүнү улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи жана түзүлгөн жумушчу топ соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого мүмкүндүк берерин айтты", - деп жазылат маалыматта.

Жолугушуу жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн өкмөтүнүн ортосунда институционалдык өнүктүрүү жана потенциалды жогорулатуу жаатындагы өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумга кол коюу аземи өттү. Ошондой эле эки мамлекеттин ортосундагы кызматташуу боюнча эксперттик топтун иш планы кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: