Парламент комитетинде трактор жана атайын техникаларды айдоочуларга күбөлүк берүү тартибин жеңилдетүү боюнча мыйзам долбоору каралды
Бүгүн, 14-декабрда парламент комитетинде трактор жана атайын техникаларды айдоочуларга күбөлүк берүү тартибин жеңилдетүү боюнча мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезектеги жыйынында "Кыргыз Республикасынын жол кыймылы жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү карады.
Жыйында баяндама жасаган айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов мыйзам долбоору трактор жана атайын техникаларды айдоочуларга күбөлүк берүү тартибин жеңилдетүү максатында сунушталганын билдирди. Анын айтымында техниканын түрүнө карата категориялардын санын 7ден 3кө чейин кыскартуу каралууда.
Талкуудан соң мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды.



1 |