Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын балаты базарына чакырат




Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын балаты базарына чакырат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Октябрь районунун аймагында, Медеров-7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде балаты базары ачылды.
"Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын Жаңы жылдык балаты базарына келип, балаты сатып алууга чакырат. Бул жаңы жылдын алдында өзгөчө майрамдык маанайды жаратууга таасир берери шексиз.
Базардан ар ким өзүнө жаккан ар кандай курактагы, көлөмдөгү жана түрдөгү тирүү даракты таба алат. Ассортиментте арча, туя, сибирь пихтасы, карагай жана башка түрлөрү бар. Бардык ийне жалбырактуулар жабык тамыр системасы менен, башкача айтканда топурагы менен сатылат.
Жаңы жылдык майрамдардан кийин дарактарды ачык жерге көчүрсө болот. Сатуу боюнча кеңешчилер дарактарды кантип туура отургузуу керектигин айтып беришет.
Балаты базары 2022-жылдын жаз айына чейин ишин улантат", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
3:33
2025-07-23
2:45
2025-07-23

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Azi12345

15.12.2021. 01:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Билбейм балаты эмес, балабызга памперс алганга сом жок... Акчалууларга жаны жыл Боло берсин дейбиз
Mister-XXX

15.12.2021. 16:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул мэрдин бизнесине реклама болуп калгандай го...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.