Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытайдын элчисин кабыл алды
14-декабрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытайдын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты. Тараптар өтүп жаткан жылы өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Кытайдын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын алдында алдыда боло турган биргелешкен иш-чараларды белгилешти.
Казакбаев Кыргыз мамлекети тоолуу мамлекеттердин кызыкчылыктарын жигердүү илгерилетип жатканын билдирди. Кыргыз өлкөсү БУУга мүчө болгон жылдары тоолуу аймактардын көйгөйлөрүнө дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурууга, туруктуу өнүгүүсүнө жардамдарды тартууга, алардын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана мамлекеттердин өзүнчө тобу катары беделин бекемдөөгө багытталган бир катар глобалдык иш-чараларды өткөрдү.
Буга байланыштуу Кыргыз Республикасы 2022-жылды "Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы” деп жарыялоо жөнүндө БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын резолюциясын кабыл алуу демилгесин көтөрдү. Ушуга байланыштуу кытай тарапка бул резолюциянын долбоорун биргелешип демилгелөө өтүнүчү менен кайрылды. Өз кезегинде Кытай элчиси кытай тарап бул маселе боюнча кыргыз тарапты колдой турганын жана 2022-жылды "Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы" деп жарыялоо боюнча резолюция долбоорунун тең демөөрчүсү экенин билдирди. Тараптар Кыргыз өлкөсү менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн эки тараптуу мамилелерин мындан ары чыңдоо үчүн бардык деңгээлдеги активдүү практикалык өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

