Баткен район аралык санэпид көзөмөл борборунун материалдык-техникалык базасы 2021-жылы 80 миң доллардан ашык суммага чыңдалды






Баткен район аралык санэпид көзөмөл борборунун материалдык-техникалык базасы 2021-жылы 80 миң доллардан ашык суммага чыңдалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Баткен район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда бүгүнкү күндө 108,25 штаттык бирдиги бар жана 99 адам эмгектенип келет. Мекеме облус боюнча жалпы 450 чакырым радиус тейлейт.
Баткен санэпид көзөмөл борбору оорулардын алдын алууда, тамак-аш коопсуздугунда алгылыктуу иш алып барып келет. Биринчи жана экинчи жарым жылдыкка карата район, шаардагы саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелеринде, коомдук тамактануучу жайларда пландуу комплекстүү текшерүүлөр жүргүзүлдү. Атап айтсак, 2021- жылда Баткен, Лейлек райондорунда болгон өзгөчө кырдаалда сел алган айыл өкмөттөрдө алдын ала залалсыздандыруу иштерин жүргүзүп, лагерлерге убактылуу көчүрүлүп келген район тургундарынын тамак-аш жана таза суу коопсуздугун камсыздоодо алгылыктуу иш алып барды. Май аягында Баткен окуясында жаны ачылган лагерлерга жайгаштырылган чек ара жаңжалында жабыр тарткан тургундардын арасында тамак-аштан уулануулардын алдын алууда, ковид илдетинин жайылып кетүү кесепеттерин жоюуда санэпид көзөмөл борборунун кызматкерлери зор салым кошту. Белгилей кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлигине талап каттар жиберилип, бет кап, антисептик менен камсыз кылып турду.
2020-жылдын 31-январында түзүлгөн келишимдин негизинде, Япония элчилигинин “Чөптүн тамыры жана адамзат коопсуздугу” долбоорунун алкагында мекеменин материалдык техникалык базасы чыңалып, 80 миң 722 долларга медициналык аппараттар сатып алынды.
Мындан тышкары Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюму тарабынан оргтехниканы чыңдоо үчүн беш компьютер, бир принтер жардам катары тапшырылды.

