"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин ишмердүүлүгү текшерилди





Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун тапшырмасы менен атайын комиссия түзүлүп, “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин ишмердүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Өкүлдүн орун басары Данияр Жаныкулов жетектеген атайын комиссиянын текшерүү учурунда “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музейинде жана Алымбек Датка музейинде жарандарды, конокторду кабыл алууга шарт түзүлбөгөнү, имараттарда жылуулук системасы иштебегендиги, тазалык маселеси аткарылбай жатканы аныкталды.
Атайын комиссиянын текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен аныктама жазылып, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана тиешелүү министрликке берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
3:33
2025-07-23
2:45
2025-07-23

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.