super.kg logo

Министрлер кабинети медициналык мекемелердин бири 7 миңге чукул шыпыргы сатып алганын билдирди

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамда коррупциялык тобокелдиктер бар экенин айтат. Бул туурасында ал бүгүн, 15-декабрда мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкуулоо учурунда билдирди.

Төраганын айтымында, Мамлекеттик сатып алуулар порталында 2021-жылдын башынан бери ооруканалардын бири 6800 шыпыргы сатып алганын көрүүгө болот.

"Ошондой эле медициналык мекеме 3800 чака сатып алган. Мындан кийин аткаминерлер бул оорукананын ишин дыкат иликтеп чыгууну көздөп жатышат.

Оорукана дары-дармектерди жана башка медициналык буюмдарды сатып алышы керек болчу. Бирок алар шыпыргыларды сатып алышкан. Балким, бул керектир, бирок биз азыр текшеребиз", - деди Акылбек Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: