Ысык-Көлдө акыркы 11 айда жол кырсыгынан 13 адам каза болду
Ысык-Көл облусунда 2021-жылдын 11 айында ылдамдыктын эрежеси сакталбагандыктан 42 жол кырсыгы катталып, 13 адам каза болгон. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү жол кырсыктарын алдын алуу багытындагы масштабдуу профилактикалык социалдык роликтерди даярдап чыгарууда.
"39 жаран денелеринен ар кандай жаракаттарды алып, ооруканаларга жаткырылган. Ылдамдыктын эрежесин сактабагандыгы үчүн 9246 протокол түзүлүп, 1 миллион 117 миң 500 сом айып пул салынган", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
3:33
2025-07-23
2:45
2025-07-23

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.