super.kg logo

Сүрөткө түшүш үчүн чыгышкан. Токмокто 9-кабаттан 2 эркек киши секирүүгө аракет кылды деген окуянын чоо-жайы айтылды

 

Чүйдүн Токмок шаарында жайгашкан 9-кабаттуу курулушу бүтпөй турган имараттан эки эркек киши секирүүгө аракет кылган деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"14-декабрь күнү Токмок ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 112 кызматынан Токмок шаарындагы курулушу бүтө элек 9-кабаттагы үйдө эки эркек киши жүргөндүгү тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган маалымат Токмок ШИИБинде маалыматтарды каттоо китебине катталып, текшерүү иши жүрүп баштаган.

Айтылган дарекке дароо ыкчам тергөө тобу барып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Имаратка чыккан балдардын аты-жөнү такталып, 24 жаштагы К.С. жана А.А. аттуу жарандар болушкан. Алар имаратка сүрөткө түшүш үчүн чыгышкан. Кийин кызматкерлердин келгенин көрүп ал жерден жерге түшүшкөн", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: