super.kg logo

Акылбек Жапаров "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзам долбоорунун коомдук угуусуна катышты

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзам долбоорунун коомдук угуусуна катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Акылбек Жапаров белгилегендей, мамлекеттик сатып алуулар системасын өркүндөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу мыйзамдык базаны жана мамлекеттик сатып алуулардын электрондук системасын жакшыртуу жолу менен ишке ашырылууга тийиш.

"Буга байланыштуу министрлер кабинети мамлекеттик сатып алуулар тармагында реформа жүргүзгөн. 6 жыл ичинде мыйзам 11 жолу өзгөртүлүп, өзгөртүүлөр дайыма эле процедураларды жөнөкөйлөштүргөн эмес. Моюнга алуу керек, формалдуу түрдө азыркы мамлекеттик сатып алуу системасы ачык-айкын жана бардык сатып алуулар электрондук портал аркылуу жүргүзүлөт. Чындыгында, система коррупция үчүн жылчыктарды калтырат, анын бири – акчалардын изин жашыруу болуп саналат", - деди Акылбек Жапаров.

Атап айтканда, Акылбек Жапаров Ички иштер министрлигинин Ички аскерлериндеги коррупциялык ишти мисалга келтирди. Ал боюнча, 33 миллион 946 миң сом жалган фирмалардын эсебине которулуп, кийинчерээк аны ыйгарып алышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: