Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнө жүзүндө коронавирустан каза болгондордун саны азайганын билдирди
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү дүйнөдө коронавирустун жаңы учурларынын саны 5 пайызга, ал эми каза болгондордун саны 10 пайызга кыскарганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Акыркы жумада биз коронавирусту жуктурган жаңы учурлардын да, бул вирустан каза болгондордун да санынын азайгандыгын байкадык", - дешкен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун адистери.
Статистикалык маалыматтарга ылайык, 6-12-декабрга чейин дүйнөдө инфекциянын 4 миллион 817 миң жаңы учуру аныкталып, каза болгондордун саны - 46 миң 961ге жеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.