"Кыргыз көмүр" ишканасы төрт айда жарым миллион тонна көмүр казды

Энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин тапшырмасы менен төрт айдын ичинде жарым миллион тонна көмүр казылып, Бишкек ЖЭБине, бюджеттик мекемелерге жана калкка берилди.
Министр өз сөзүндө калкка көмүр үзгүлтүксүз ташылууга тийиш экенин баса белгиледи.
"Калкты көмүр менен камсыз кылуу үчүн иш үзгүлтүксүз жана активдүү жүрүүдө. Учурда күнүнө 30 техника иштөөдө. Суткасына орто эсеп менен 200гө жакын унаа көмүр ташып жатат. Биз калкты кыштан жылуу алып чыгуу үчүн бар күчүбүздү жумшай беребиз", - деди Доскул Бекмурзаев.
Эске сала кетсек, быйыл көмүрдүн көп көлөмүн "Кыргыз көмүр" жана "Кара-Кече" филиалы камсыздоодо.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
3:33
2025-07-23
2:45
2025-07-23

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.