super.kg logo

Садыр Жапаров Тарых музейине чыгаан мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнүн түп нускасын өткөрүп берди

 

Бүгүн, 15-декабрда президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы жылындагы мамлекеттик кабыл алуу учурунда Кыргыз мамлекеттик тарых музейине чыгаан мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнүн түп нускасын өткөрүп берди. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы ушул жылы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири, чыгаан мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгы белгиленип жатканын эске салды.

Президент Кыргыз мамлекеттик тарых музейинин директоруна Жусуп Абдрахмановдун туугандары ага берген чыгаан мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнүн түп нускасын өткөрүп берди.

Садыр Жапаров Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүлөрүнүн биринин күндөлүгү Тарых музейинин баалуу экспонаттарынын катарына киргенин белгиледи. "XX кылымдагы жалпы улуттук тагдырыбыздын ары кызыктуу, ары драмалуу барактарын чагылдырган эң маанилүү саясий документтердин биринен саналган бул кол жазманы бүгүндөн тарта мамлекеттик өзгөчө коргоодогу улуттук таберик деп жарыялаймын", - деди ал.

Мындан тышкары президент музейге «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшырды.

Эске салсак, 2021-жылдын 31-августунда президент Садыр Жапаров мамлекеттин жана кыргыз элинин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгеги жана туулган күнүнүн 120 жылдыгына байланыштуу советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Жусуп Абдрахмановго «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгаруу (каза болгондон кийин) жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 28-декабрда туулган. Ал кыргыздын мамлекеттик жана саясий ишмери, Кыргыз АССРнин Элдик Комиссарлар Кеңешинин биринчи төрагасы болгон. 1924-жылы анын жетекчилигинде азыркы Кыргызс өлкөсүнүн чек аралары биротоло аныкталган. Жусуп Абдрахманов Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башатында турган инсандардын бири.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.12.2021. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Садыр Нуркожоевич кошуна олколорду караныз кандай тездик менен онугуп жатат. Сиз пайдасы жок нерселер менен убарасыз сабатсыз мэрлерди алып келдиниз иштейм дегендерди бут бийлике жолотподунуз кыскасы мурункулардын арты менен бара жатасыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: