"Жакынкы 5 жыл аралыгында мамлекеттик саясат жаңы Кыргыз мамлекетин курууга, жарандардын ишенимин арттырууга багытталат" дейт Жапаров



"Жакынкы 5 жыл аралыгында мамлекеттик саясат жаңы Кыргыз мамлекетин курууга, жарандардын ишенимин, ынтымак-биримдигин арттырууга, активдүүлүгүн, жаратмандык потенциалын жогорулатууга, ошондой эле жашоо сапатын жакшыртууга, укуктарынын корголушун камсыздоого багытталат", - деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-декабрда Кыргыз мамлекетинин көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракесине арналган кабыл алууда. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчысы бүгүнкү иш-чаранын негизги себеби - 2021-жылдын Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын корутундулоо болуп саналарын белгиледи.
Президент келген меймандарга кайрылып, алар өлкөнүн ушул жылы тарыхый маанидеги бир катар орчундуу окуяларды баштан кечиргенине күбө болушканын, тактап айтканда жыл башында президенттик шайлоону жана башкаруу формасын аныктоо тууралуу конституциялык референдум өткөнүн, андан соң 11-апрелде “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндөгү” мыйзамды кабыл алуу боюнча бүткүл элдик референдум ийгиликтүү өтүп, кийинки саясий процесстерге нук салганына токтолду.
Садыр Жапаров жаңы министрлер кабинети куралып, Кыргыз мамлекетинин тарыхында биринчи ирет административдик кийлигишүүгө жол берилбей, Жогорку Кеңешке адилет жана таза шайлоо өткөрүлүп, саясий реформалардын дээрлик бир жылга созулган соңку этабы ийгиликтүү жыйынтыкталып жатканын баса белгиледи.
"Мен өлкө башчысы жана аткаруу бийлигинин жетекчиси катары Кыргыз мамлекетиндеги ар бир жарандын жашоо шарты үчүн өзүмдү жоопкер, алардын алдында өтө милдеттүү сеземин. Андыктан менин командам мамлекеттик системада жана экономикада структуралык чоң реформаларды жүзөгө ашыруу менен алпурушууда", - деп айтты Садыр Жапаров.
Өлкөнүн тышкы саясатына токтолгон президент Кыргыз мамлекетинин аймактык бүтүндүгүн, коопсуздугун, социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоону жана жарандардын укугун коргоону көздөгөн көп багыттуу тышкы саясат улантыла турганын билдирди. Тышкы саясаттын приоритети – Борбор Азиядагы коңшулар менен да, стратегиялык өнөктөштөр Орусия, Түркия жана Кытай менен да ар тараптуу кызматташууну чыңдоо болуп саналат.
Садыр Жапаров инвестициялык, маданий-гуманитардык жана туристтик кызматташууга басым жасоо аркылуу Батыш жана Чыгыш өлкөлөрү менен карым-катышты өрчүтүү ниетин билдирди.
"Өткөндүн сабагы, келечек алдындагы жоопкерчилик тууралуу кеп козгогон ушул саамдарда Кыргыз мамлекетинин түптөлүшү үчүн күрөшкөн улуу ата-бабаларды жана алардын тажрыйбасын эскере кетпесек болбойт. XX кылымдагы кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздөөчүлөрдүн бири Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгын быйыл жыл бою белгилеп, мааракелик иш-чараларды жыйынтыктоонун алдында турабыз.
Ушул жыйынтыктоочу иш-чаранын алдында Абдрахмановдун урпактары улуу Жусуп атабыздын күндөлүгүнүн түп нускасын улуттук Тарых музейине тапшыруу демилгесин көтөрүп, мага кайрылышты эле. Ыгы келип турган экен, бүгүн тапшырылып, Тарых музейинин эң бир баалуу экспонатына айланды. XX кылымдагы жалпы улуттук тагдырыбыздын ары кызыктуу, ары драмалуу барактарын чагылдырган эң маанилүү саясий документтердин биринен саналган бул кол жазманы бүгүндөн тарта мамлекеттик өзгөчө коргоодогу улуттук таберик деп жарыялайм!
Мына ошол Абдрахманов сындуу элинин кызыкчылыгы, мекенинин бакубаттуулугу үчүн жан үрөп күрөшкөн бабалардын баскан жолун татыктуу уланталы", - деди Жапаров
Президент Садыр Жапаров учурдан пайдаланып, өлкөнүн бардык саясий күчтөрүн, жарандарды, санаалаштары менен оппоненттерин, коомдун бардык катмарын ушул улуу мүдөөнү аркалоо жолунда тилектеш, максатташ болууга үндөдү.






1 |