super.kg logo

Ош облусундагы салыктардын жана жыйымдардын жыйналышы боюнча жыйын өттү

 
Бүгүн, 15-декабрь күнү Ош облусунун 11 айынын план-тапшырмаларынын аткарылышы жана жыл жыйынтыгын натыйжалуу жыйынтыктоо боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу аталган облустун өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Уристем Манапов, тиешелүү облустук мекеме уюмдардын жетекчилери, райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдердин биринчи орун басарлары жана мамлекеттик салык кызматынын райондор боюнча башкармалыгынын жетекчилери катышты.
Күн тартибинде: Ош облусунун 11 айынын план-тапшырмаларынын аткарылышы жана жыл жыйынтыгын натыйжалуу жыйынтыктоону камсыз кылуу маселеси каралды.
Маалымат үчүн: 2021-жылдын январь-ноябрь айларында мамлекеттик бюджетке чегерилүүчү салыктардын жана жыйымдардын облус боюнча болжолдуу планы 2 миллиард 656 миллион 88 миң сом болсо, аткарылганы 2 миллиард 748 миллион 321,3 миң сомду түздү же болжолдуу план 103,5 пайызга аткарылып, мамлекеттик бюджеттин казынасына 92,2 миллион сомго көп чегерилди. Ал эми 2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 843,8 миллион сомго жогорулап, өсүү ыргагы 144,3 пайызга жетти.
Жыйынтыгында, жылды жакшы жыйынтыктоо боюнча бардык чараларды көрүү жана өнөр-жай ишканалардын өндүргөн өндүрүүсүн анализдеп, керектүү учурларда постторду уюштуруу тапшырмасы берилди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: