super.kg logo

Өлкөнүн көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы жылында Садыр Жапаровдун катышуусунда мамлекеттик кабыл алуу болуп өттү

 

Бүгүн, 15-декабрда Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы жылында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда мамлекеттик кабыл алуу болуп өттү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы жаңыртылган музейдеги экспонаттарды көрүп, тарыхый маанилүү окуяларды чагылдырган тарыхый-этнографиялык экспозициялар менен таанышты.

Мамлекет башчысы иш-чарага келген меймандардын алдында сүйлөп жатып, 15-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети тарабынан тарыхый документтин – мамлекеттин эгемендүүлүгү жөнүндө декларациянын кабыл алынышы кыргыз эли үчүн көптөн күткөн жана маанилүү окуя болгонуна токтолду.

Ал бүгүн улуттук маданий очоктордун бири болгон Кыргыз мамлекеттик тарых музейинде салтанаттуу жагдайда чогулуунун негизги себеби – 2021-жылдын көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракесин майрамдоо урааны менен өткөндүгүн баса белгилеп, кайсы бир деңгээлде корутундулоо болуп саналарын кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле ушул жылы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздөөчүлөрдүн бири, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгы белгиленип жатканын эске салды.

Мамлекет башчысы Жусуп Абдрахмановдун жакындары тарабынан берилген мамлекеттик ишмердин күндөлүгүнүн түп нускасын Кыргыз мамлекеттик тарых музейинин директоруна тапшырды.

Садыр Жапаров Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн биринин кол жазмасы Тарых музейинин эң бир баалуу экспонатына айланып, мамлекеттин өзгөчө коргоосундагы улуттук таберик болорун белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
15.12.2021. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бла, бла, бла... Кайра эле куру убада, лапшалар Садыр Жапаровдон...

Былтыры бийликке келгендеги, же кийин президенттик шайлоо алдындагы убадалары кана аткарылганы?! Кайсы убадасын аткара алды?!

Куру убадаларды бере берип чарчабадыбы? Кечээ жакында эле "дуйно жузу тан кала турган таза шайлоо откоромун" деп убада берип алып ыплас шайлоо откоргонун эл корбой билбей калды деп ойлойбу?!

Чон реформалар жасайт имиш, бир жылдан бери ким тоскоол болду? Озу
15.12.2021. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озу бийликте 5 жыл калабы бул кетиште же Акаев менен Бакиевдин артынан качабы?!
15.12.2021. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жоголчу сенин жазганыны ечким окугусу келбейт экен. Апана окшоп эле аркимге асыла бересинби
15.12.2021. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир жугундукор келди... Эми калганы келет... ))))))))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: