"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Балдарымдын жөлөк пулун токтотуп жатат деген кайрылуу боюнча тийиштүү мекемеден маалымат беришти
SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Токтогул районунун тургуну кайрылып, балдарына чегерилген жөлөк пулду эч бир себеби жок эле токтотуп жатышканын айткан. Ошондой эле беш баласы бар экенин, жолдошу иштебей, жакыр жашаарын кошумчалаган.
Аталган маселе боюнча Токтогул районундагы социалдык коргоо башкармалыгына байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдиришти.
"А.Т. кызы 5 баласына 4 657 сом 50 тыйын жөлөк пул 2021-жылдын 1-январынан баштап алып келген. Мындан ары, 31-декабрга чейин дагы токтотулбайт.
Мындан сырткары биз Түндүк программасын ачканда жолдошу февраль, март айында Кара-Кечеде иштегени чыгууда. Биздин адис айлыгы тууралуу маалымкат алып кел, бизге 5 күндүн ичинде билдирип койсоң болмок деп кайрылган экен. Алып келишкен жок. Жолдошу менен дагы сүйлөштүк, айлыгы тууралуу маалымкат алып кел деп айттык.
Бул үй-бүлө үзгүлтүксүз жөлөк пулду алып жатышат", - деп билдиришти башкармалыктан.



1 |