Баткен шаарында быйыл дагы балаты коюлбайт. Мэриядан түшүндүрмө беришти
Быйыл Баткен шаарында Жаңы жылга карата майрамдык балаты орнотулбайт. Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясынын маалымат кызматына байланышканыбызда билдиришти.
Алардын айтымында, балатыга кеткен каражат кайрымдуулукка жумшалат.
"Быйыл жергиликтүү бийлик, шаардык кеңеш жана шаардык мэрия биргеликте кеңешип, майрамдык балатыны орнотпоо тууралуу чечим чыгарышты. Бирок көчөлөр кооздолот.
Жылына жергиликтүү бюджеттен майрамдык жасалгалоого 180 миң сомдун айланасында каражат бөлүнөт. Быйыл ал каражаттын 100 миң сому аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белек берүүгө жумшалат. Калган бөлүгү көчөлөрдү жасалгалоого сарпталат", - деп билдиришти мэриядан.
Эске салсак, былтыркы жылы Баткенде пандемияга байланыштуу Жаңы жылдык балаты орнотулган эмес.



1 |