super.kg logo

"Бөлмөлөр суук, күнүнө 60 сомго тамак-аш". Оштогу жатак мектептин шарттары талапка жооп бербей турганы аныкталды

 
Оштогу В.В.Терешкова атындагы №11 жатак мектепте Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун кызматкерлери атайын текшерүү жүргүзүштү. Текшерүүнүн жүрүшүндө, эксперттик топ тарбиялануучуларды кармоо шарттарында бузуу фактыларын аныкташты.
Улуттук борбордон белгилешкендей, китепкана ным тартып, жуунуучу бөлмө иштебегендиктен окуучулар көптөн бери душка түшө албай келишет. Даараткана болсо эшикте жайгашкан.
"Эс алуучу бөлмөдө эмерек, телевизор, оюнчуктар да жок. Бөлмөлөр жана коридор суук болгондуктан абанын температурасы 17 градустан ашпайт. Төрт маал тамактануу үчүн жергиликтүү бюджеттен бир окуучуга күнүнө 60 сом гана бөлүнүп берилет. Ошондуктан тамак-аштын калориясы аз болуп, белгиленген нормаларга жооп бербейт. Тагыраагы, ар бир окуучу үчүн белгиленген 50 граммдын ордуна 15 граммдан ашпаган эт берилет",- деп билдирди Улуттук борбордун түштүк аймагы боюнча өкүлү Улугбек Абдулазимов.
"Мекемеде 18 керебети бар уктоочу бөлмөдөгү ар бир балага эки чарчы метр аянт туура келсе, курулуш нормалары боюнча ал 4 чарчы метрден кем болбошу керек. Окуу кабинеттеринин санитардык аянттары да талапка жооп бербейт. Аянты 36 чарчы метр болгон бир кеңседе 20 окуучу билим алат. Санитардык нормалар боюнча бир адамга 2,5 чарчы метр бөлүнүүсү тийиш. Мындай шарттар балдарга адамгерчиликсиз мамиле кылуу менен барабар.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кыйноолорго каршы күрөшүү улуттук борбордун облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери балдарды окутуу үчүн мектептин жаңы имаратын тез арада оңдоп-түзөөдөн өткөрүүнү сунушташты. Биринчи имаратты бир гана жашоо жана эс алуу үчүн колдонсо болот. Анын негизинде бул билим берүү аянтында санитардык нормалардын бузулуулары жоголот. Ошондой эле эксперттер жуунуучу бөлмөнү оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, ар бир окуучунун тамак-ашына бөлүнгөн каражатты 120 сомго чейин көбөйтүү тапшырмасын беришти", - дешет улуттук борбордон.
Бул жатак мектеп 1960-жылы аялдардын жатаканасы болгон. 1994-жылы алты гектар аянты жана болгон имараттары менен "Сема" Кыргыз-түрк лицейине убактылуу пайдаланууга берилген. Ал эми эки жылдан кийин жергиликтүү тургундар бул жерге жатак-мектеп ачуу өтүнүчү менен бийликке кайрылышкан. Үч кабаттуу имарат ушундай максатта берилген. Үстүбүздөгү жылдын январь айында бул мектепке дагы бир капиталдык оңдоп-түзөө талап кылынган имарат кошулуп берилген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.12.2021. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Директору ким экен эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: