super.kg logo

Сургутта газ баллон жарылып, 10го жакын адам жабыркады. Арасында Кыргыз жарандары да бар

 

Орусиянын Сургут шаарында газ баллон жарылып, 10 чакты адам жабыркады. Жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары да бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00 чамасында Ханты-Мансийск автономиялык округунун Сургут шаарында техникалык тейлөө станциясында газ баллон жарылган.

Окуянын кесепетинен он адам жабыркаган. Алдын ала маалымат боюнча жарадар болгондордун арасында үч Кыргыз жараны бар. Алар: 1979-жылы туулган Э.Ж., 1981-жылы туулган К.Б., 1990-жылы туулган Х.Э. Алардын абалы орточо деп бааланууда. Алардын баары Сургуттун күйүк борборуна жаткырылган.

Жарылуу газ баллонунун басымынын төмөндөшү унаалар үчүн газ жабдууларын орнотуп жаткан учурда болгон. Жарылуудан улам имараттын чатыры кулап түшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: