Бишкекте жүргүнчүлөр троллейбуста китеп окушту






Бишкекте маданият жумалыгынын алкагында "Троллейбуста окуу" акциясы болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, иш-чара жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнө, белгилүү акын А.Осмоновдун дүйнөдөн кайткан жылдыгына жана Улуттук маданият күнүнө арналды.
"Троллейбуста окуу" эң узун №11 каттам менен чыгып, чыгыш автобекетинен Асанбай кичи районуна чейин каттады.
Борбордун китепканаларынын кызматкерлери троллейбустун жүргүнчүлөрүнө белгилүү жазуучулардын чыгармачылык биографияларын жана алардын чыгармаларынын тарыхын тартуулашты.
Шаардыктар Ч.Айтматовдун жана А.Осмоновдун чыгармачылыгына байланыштуу викториналарга жана сынактарга катышты. Активдүү катышуучулар сыйлыктарга ээ болушту.
Акция шаардыктардын көңүлүн адабиятка буруу максатында Бишкек троллейбус башкармалыгы тарабынан борборлоштурулган китепкана тармагы менен биргеликте уюштурулду", - деп жазылат мэриянын маалыматында.

