Президенттин маалымат катчысы Айгүл Жапарованын Токтобүбү Оргалча менен эч кандай байланышы жоктугун билдирди
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мандат бөлүштүрүү боюнча пикирин билдирип, саясатташтырбоого чакырды.
"Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамына ылайык, гендердик квотаны камсыздоо боюнча БШК кабыл алган процедуралык чечимдерин саясатташтыруунун, анын үстүнө чайкоочулук кылуунун кереги жок. Биринчи айым Айгүл Жапарованын Токтобүбү Оргалча менен эч кандай байланышы жок жана аны менен эч качан тааныш болгон эмес", - деди Султанбаев.
Кечээ, 15-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы бирдиктүү шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын жарыялады. Анда БШКнын партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30 пайыздык гендердик квота тууралуу жобого өзгөртүү киргизген. Ага ылайык, үч мандат алган партиядан 1, жети мандат алган партиядан 3 аял депутат келери айтылган. Мындан улам жети мандат алган "Альянс" партиясынан талапкер Жанар Акаевдин ордуна аял талапкер Токтобүбү Оргалчанын мандат алары кабарланган.







1 |