«Туратали базарынын» башчысы алмашты
Тынчтыкбек Батыркулов "Туратали базары" мамлекеттик ишканасынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аны бул кызматка Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы сунуштаган.
Ал эми буга чейин аталган кызматты ээлеп келген Манас Усенов кызматынан бошотулган. Эки жарлыкка тең министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
3:33
2025-07-23
2:45
2025-07-23

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.