Баасын сурасаң евродон кеп кылып. Тарых музейиндеги инсталляцияларга баалары жазылды (сүрөттөр)




























Улуттук тарых музейи ачылганына бир топ убакыт өткөнүнө карабай учурда жаңыланган музейди көрүү үчүн келгендердин саны арбын. Алардын арасынан окуучуларды, студенттерди жана туристтерди дагы жолуктурууга болот.
Ошондой эле наркы 14 миң еврону чапчып, чуу чыгарган инсталляциялар дагы музейден орун алган. Кызыгы, учурда аларга баалары жазылган кагаз илинип турат. Музей жааматы эмне себептен мындай кадамга барганына кызыгып, Улуттук тарых музейинин директорунун милдетин аткаруучусу Гүлбара Абдыкалыковага кайрылдык.
Анын айтымында, музей ачылган күндөн баштап чуу чыгарган инсталляцияларга канча каражат сарпталды деген суроолор көп берилген.
"Инсталляциялардын баалары тууралуу массалык маалымат каражаттарында көп талкуу жаралган. Бизге келген музей көрүүчүлөрдүн баары эле "инсталляциялар канча эле?" деп бааларын сурай беришти. Ошондуктан этикетка сыяктуу кылып бааларын тагып койдук. Чынын айтканда, ошондон бери бааларын сурабай калышты", - деп билдирди Абдыкалыкова.
Өлкө башчы Садыр Жапаров Улуттук тарых музейине барып, инсталляциялар менен таанышып жатып, чуу жараткан аттарга токтолду.
Белгилей өтсөк, 5-жылдан бери реконструкциялоо максатында жабык турган Улуттук тарых музейинин ачылыш аземи 19-ноябрда болуп өткөн. 30-ноябрга чейин музейди каалоочулар акысыз көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Ал эми 1-декабрдан баштап музейге кирүүчүлөр акы төлөп гана көрүп башташты.
Маалымат үчүн:
Кыргыз улуттук академиялык драма театрын оңдоп-түзөө иштерине аталган театрдын имаратын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 44 миллион 722 миң сом бөлүнгөн.
Тарых музейи 2016-жылы жабылып, реконструкциялоо башталган. 2018-жылы оңдоп-түзөө иштери соңуна чыгып, 31-август - Эгемендүүлүк күнүнө карата ачылышы керек эле. Бирок жасалуучу жумуштар соңуна чыкпагандыгына байланыштуу музейдин ачылышы белгисиз мөөнөткө жылдырылган.
Музейин оңдоодо 118 миллион сомдон ашык акча мыйзамсыз коротулганын Башкы прокуратурадан тастыкташкан.
Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Улуттук тарых музейинин капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жыйынтыктоо маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.
Мындан сырткары депутаттар Тарых музейинин абалы менен таанышып, көчмө жыйын өткөрүшкөн. Анда эл өкүлдөрү реконструкциялоо иштери 5 жылдан бери бүтпөгөн тарыхый мекемени ушул жылдын 31-августунда, тактап айтканда Кыргыз мамлекетинин эгемендик күнүнө карата ишке киргизүүнү белгилешкен.
Белгилей кетсек, 18-май - музейлердин эл аралык күнү. Дүйнө коомчулугу музейлердин эл аралык күнү катары белгилейт. Музейлердин эл аралык күнү ЮНЕСКО уюмунун 1978-жылкы чечимине ылайык белгиленип келет.
кошулду





1 |