Руслан Казакбаев Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы менен кызматташтык тууралуу сүйлөштү
16-декабрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Евразия экономикалык комиссиясынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн негизги маселелерин жана Кыргыз мамлекетинин 2022-жылы Евразия экономикалык биримдигинин органдарында пландаштырылган төрагалыгын талкуулашты. Министр Руслан Казакбаев Мясниковичке Кыргыз мамлекети менен Евразия экономикалык комиссиясынын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө жеке катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тыгыз өз ара аракеттенүүнү улантуу жана Евразия экономикалык интеграциясынын бардык маселелери боюнча кызматташууну бекемдөө ниетин билдиришти.

