super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "3 миң окуучуга ылайыкталган мектепте 8 миңге чукул окуучу окуп жатат" дейт Сокулуктун тургуну

 

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну кайрылды. Анда ал аталган райондогу №1 Чыңгыз Айтматов атындагы мектеп-лицейи 3 миң окуучуга ылайыкталганына карабастан 8 миң окуучу окуп жатканын билдирди.

"Сокулук районундагы №1 Чыңгыз Айтматов атындагы мектеп-лицейи 3 миң окуучуга ылайыкталган. Бирок учурда 8 миңге жакын окуучу окуп жатат. Класстык бөлмөлөр жетишпей, кичинекей класстарда 38-40 окуучу эптеп батып окушууда.

Окуучулардын баары сабакка катышкан учурда айрымдарына орун жок, жерге отуруп жазууга аргасыз болот. Ата-энелер мектеп директоруна бир канча ирет кайрылганы менен жыйынтык жок", - деп билдирди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.12.2021. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят! Гос мектеп болсо директору жооп бериш керек

1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: