super.kg logo

Өзбекстанда буга чейин тыюу салынган Тик-Ток тиркемеси колдонуучулар үчүн кайрадан жеткиликтүү болду

 

Өзбекстанда колдонуучулар Тик-Ток социалдык тармагын чектөөсүз колдоно алышат. Тиркеме мобилдик интернет аркылуу эки уюлдук компаниянын абоненттери үчүн жеткиликтүү болуп жаткандыгы өзбекстандык басылмаларда жазылды.

Бирок социалдык тармак жеке маалыматтар боюнча мыйзамдарды бузгандардын улуттук реестринде. Белгилүү болгондой, 15-декабрда Өзбекстандын улуттук массалык маалымат каражаттарын колдоо жана өнүктүрүү коомдук фондунун Камкорчулар кеңешинин төрагасы Комил Алламжонов Тик-Токтун вице-президенти, доктор Тео Бертрам жана башка жооптуу кызматкерлер менен онлайн жолугушуу өткөргөнү айтылат маалыматта.

"Жолугушууда биз эки тараптуу кызматташууну талкууладык. Тик-Токтун өкүлдөрүнө тиркеменин айрым ички нормаларын жана процедураларын Өзбекстандын баалуулуктарына жана үрп-адаттарына, менталитетине ылайыкташтырууну сунуштадык. Алар бул сунушка макул болушту жана тиркемеге өзбек тилин киргизүү каралат. Эгер Тик-Ток зыяндуу болуп жатса, демек аны пайдалуу ресурска айландыруу керек. Мындай компаниялардын ишине чектөө киргизүүнүн ордуна алар менен тыгыз кызматташуу маанилүү", - деген Комил Алламжонов.

Эскерте кетсек, июль айынын башында Өзбекстан жеке маалыматтарды иштетүүдө мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн бир катар социалдык тармактарды колдонууга чектөө киргизген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
16.12.2021. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сарттар кайрадан эфирде эккн да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: