super.kg logo

"Шериктештиктин балдары" форуму 2022-жылы Ысык-Көлдө өтөт

 

"Шериктештиктин балдары" форуму 2022-жылы Ысык-Көлдө өтөт. Бул тууралуу депутат Айнуру Алтыбаева "Парламент" радиосуна берген маегинде билдирди.

“КМШ ПААнын кеңешмеси карап кабыл алган демилгелүү долбоорлордун катарында “Шериктештиктин балдары” форумун уюштуруу идеясы болгон. Ал Кыргыз мамлекетине таандык. Убагында, 2019-жылы балдар форуму биринчи жолу өткөрүлүп, ага ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков өзү көзөмөлдүк кылган”, - деди депутат.

Айнуру Алтыбаеванын маалымдашынча, эми алдыда 2022-жылы балдар форуму кайрадан Ысык-Көл жергесинде өтөт. Андан кийинки 2023-жылы боло турган балдар форумунун эстафетасы Өзбекстан мамлекетине тапшырылмакчы.

"КМШ ПААнын өкүлдөрү Кыргыз өлкөсүнүн шайлоо системасында колдонулуп келе жаткан жаңы заманбап технологиялардын артыкчылыктарына, биометрикалык паспорттордун убагында колдонула баштагандыгына кызыгып, жакшы пикирлерин айтып келишет", - деди андан ары сөзүн саясат жаатында улаган эл өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: