Садыр Жапаровдун Глазгодогу демилгеси Бириккен улуттар уюму тарабынан колдоо тапты

Президент Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген "2022-жылды тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы" деп жарыялоо боюнча резолюциянын долбоору Бириккен улуттар уюмунун пленардык отурумунда каралып жактырылды. Бул туурасында АКШнын Кыргыз жергесиндеги элчилигинен кабарлашып, уюмдун отуруму 16-декабрда болгонун белгилешти.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров Глазго шаарында Бириккен улуттар уюмунун климаттын өзгөрүшү боюнча 26-конференциясына катышып, сөз сүйлөп, "2022-жылды Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы" деп жарыялоо демилгесин көтөргөн.
"Өткөн аптада Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу менен жолугуп, АКШнын бийлиги кыргыз президентинин жогорудагыдай демилгесине тең демөөрчүлүк кылып, аны колдоп берүүнү өтүнгөн. Натыйжада, 9-декабрь күнү АКШнын БУУдагы өкүлчүлүгү тарабынан аталган резолюцияга тең-демөөрчүлүк кылууга макулдук берилип, резолюциянын долбоору БУУнун 16-декабрындагы пленардык отурумунда каралып жактырылды", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
3:33
2025-07-23
2:45
2025-07-23

Рейтинг:
4

Комментарийлер(1)
nukura_jigit

17.12.2021. 08:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.