Кыргызстанда 2020-жылы бала бакчалардагы орундардын санын 2 эсеге көбөйтүү пландалууда
Бишкекте
бүгүн, 18-ноябрдагы маалымат жыйында билим берүү жана илим министри Канат
Садыков “Кыргызстанда 2020-жылга карата бала бакчалардагы орундардын санын 2 эсеге
көбөйтүү пландалууда”,- деп билдирди. Анын айтымында, 2010-жылы мектеп
окуучуларынын 10 пайызга жетпеген бөлүгү бала бакчага барганы белгилүү болгон. “Азыркы
тапта бул көрсөткүч 15,4 пайызды түзүүдө. Албетте, бул аз. 2020-жылы муну 34-35
пайызга жеткирүүнү пландап жатабыз”,- деди министр.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
2012-2013-жылдары 240 сааттык
мектепке чейинки даярдоо боюнча программадан балдардын дээрлик 100 пайызы
өткөнүн кошумчалап, жакында 480 сааттык программаны кабыл алуу каралып
жатканын айтты Канат Садыков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

