super.kg logo

"Лейлекте белгисиз адамдар унааларды таш бараңга алды" деген маалымат текшерилди

 

"16-декабрда Баткен облусунун Самаркандек айылында белгисиз адамдар өтүп бара жаткан унааларды таш бараңга алышкан" деген аудио тараган. Мамлекеттик чек ара кызматы аудио жазууну текшергенин, маалымат чындыкка дал келбей турганын кабарлайт.

"Лейлек жол тилкесинде унааларга таш ыргытты, эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду, чек арага жакын аймактардын калкы менен иш алып баруу болгон деген аудиодогу маалымат тастыкталган жок. Мындан тышкары аталган жол тилкесинде жүргөн Кыргыз жарандарынан кайрылуулар түшкөн эмес.

Кечээ, 16-декабрда Баткен-Лейлек унаа жолунун Эки-Таш тилкесинде эки республиканын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында тараптардын чек ара тозоттору көрсөтүлдү", - дейт мекемеден.

Бүгүн, 17-декабрга карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу экенин кошумчалашты маалымат кызматынан. Чек ара кызматы жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоого, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды курчутпоого жана тиешелүү органдар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырат.

Белгилей кетсек, 16-декабрда Баткен районунун Көчө-Бою аймагында ок атылганы кабарланган. Анда Кыргыз жарандары жүргүзгөн курулуш иштерин Тажикстандын чек арачылары токтотууну талап кылышып, кайым айтышуудан кийин Тажик тарап 4 жолу асманга ок чыгарышканы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.12.2021. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер, Кыргызстанга Түрктүн военный "Байрактар" дрону келдиго,
эмнеге жазбай жатасыздар?
алдын ала рахмат
17.12.2021. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бийлике бут баары нерсе чындыка дал келбейт,кыяматта азабын тартасынар го жалган айтканынардын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: