super.kg logo

400гө жакын мигрантка 40 жылга Орусияга кирүүгө тыюу салынды

 

Москвадагы мушташка катышканы жана башка мыйзам бузгандыгы үчүн 400гө жакын мигрантка 40 жылга Орусияга кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин өкүлү Татьяна Дмитриевага шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазышты.

"Мигранттардын адепсиз жүрүм-туруму - мушташуу, башка уруксат берилбеген иш-аракеттер боюнча маселе көтөрүлдү. Москвада мындай жоруктарга катышкан 400гө жакын адамга административдик чаралар көрүлдү деп айта алам. Аларга 40 жылга Орусияга кирүүгө тыюу салынды”, - деген Дмитриева 18-декабрда белгиленүүчү Мигранттардын эл аралык күнүнө карата уюштурулган тегерек столдо.

Дмитриева учурда Москвада 1 миллион 330 миң мигрант бар экенин, алардын негизги бөлүгүн Өзбекстандын (31 пайыз), Тажикистандын (26 пайыз) жана Кыргыз өлкөсүнүн (25,4 пайыз) жарандары түзөрүн белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: