super.kg logo

"Эми мен эркин жашагым келет". 8 жылдан бери сойку болуп жүргөн кыз анын кесепетин айтып берди

 

SUPER.KG порталына 23 жаштагы кыз кайрылып, кантип сойкуга айлангандыгы тууралуу айтып берди.

"Биз беш бир тууганбыз. Атам эрте каза болуп калган. Апам оорукчан эле. Жашоо шартыбыз начар болгондуктан 2014-жылы Ысык-Көлдөн Кант шаарына келип окуй турган болдум. Бирок ал жерден бир кыз менен телефон аркылуу таанышып, окубай эле Бишкекке иштегени кеттим. Ал кыз экөөбүз Бишкектен Г.Ш. аттуу аял менен тааныштык. Бир күнү кыз мени кафеге ээрчитип барды. Ал жерден жашы 30дар чамасындагы эркек киши менен таанышып, спирт ичимдигин ичтик. Мен ошондо алгачкы жолу спирт ичимдигин оозума алдым. Мас болуп калган экенмин. Тиги киши мени бир жерге алып барып зордуктаган экен. Мен кыздык белгимден ажырагандан кийин баягы таанышкан аялга ыйлап бардым.

Ал 3-4 күн ойлонду дагы "сага акча керек, ден соолугуңду калыбына келтир" деди. Бир эркек менен 5 мүнөткө жолуктурду. Андан кийин ал киши мага тийбесе деле зордуктады деп арыз жаздык. Ал 1 жылга соттолуп кетти. Ошодон көп узабай дагы эки кишини кылтакка илдик. Ал экөө кесилген жок, бирок акча төлөп чыгышты. Акчасына мени бир сыйра кийинтти. Калганын көргөн жокмун. Кайра Г.Ш. биринчи камалган жигитти чыгаруу үчүн адвокат жалдады. Анан чыгымдарды менин башыма үйүп койду. Анткени баарына мени күнөөлөдү.

Мени шаарга чакырган кыз экөөбүз кийинчерээк Москва жана Правда көчөлөрүнүн кесилишинде туруп калдык. Көрсө, ал жерде денесин саткан кыздар иштешет экен. Биз билген эмеспиз. Кийин акча таппай калганда аялдын кеңеши менен ошол жерде туруп 2-3 күн иштедик. Андан соң чакыруу менен чыгып иштей баштадык. Тапкан акчабыздын баарын Г.Ш.га берчүбүз. Анткени тиги кызды да карыздар кылып койгон.

Бир күндө 4-5 миң сом берчүбүз. Болбосо үбөлүк менен сабачу. Мени качып кетпесин деп айылдагы апамды чакыртып, күрөөгө коюп алган. Азыр да апам ошонун колунда. Мени коркутуп, оорукчан бир тууганыңдын органдарын сатам дегем. Апам сойку болуп иштээримди билбейт. Ага кафеде официант болуп иштейм деп койгом. Менин билимим жана паспортум жок. 8 жылдан бери анын айткандарын жасап келдим. Тажаганда үйдөн качып кеттим. Бир адамдын кеңеши менен жактоочуга жолугуп, ага болгон арманымды айтып бердим. Биз Г.Ш.нын үстүнөн арыз жаздык. Мен эркин жашагым келет", - дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
17.12.2021. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Айжан каяктасың?жаз эми комментарий,сенин жолуңду жолдогон кыз экен,чачын жайып сулуу болуп,ачык кийинет экен...
17.12.2021. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
KaGaH, Азыркы күнү чачын жайды дегиче сойку болушу анык))
17.12.2021. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
KG-312,
Эки жүздүү кыргыз болбой эле коелук. Өзгөчө биз эркектер. Ошол сойкуларга барып кумарын кандырган эркектерге эмне үчүн бул уят болуп каралбаш керек. Эркектер каалаган учурда барып, акчасын толоп эркин жыргай беришет. Бирок ал жонундо эч ким соз кылбайт. Эки жуздуулор коп бизде. Ордендин Эки тарабын айтканды да уйронгуло
alimbek94 түзөттү 2021-12-17 18:32:40
17.12.2021. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
alimbek94,Сойку болгон учун барат.
18.12.2021. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Dembele84, Есть спрос, есть предложение)))
17.12.2021. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Билимсиз болсо ошо да. 15 жашында баштаган экен
Sakubek түзөттү 2021-12-17 17:42:15
17.12.2021. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ачык айтайын, мурун мен да хиджаб кийип жүргөндөрдү жаман көрчүмүн,кийин ислам динине кызыгып окуп баштагандан тартып оюм өзгөрдү,кыргызда сөз бар кунаажын көзүн сүзбөсө,бука жибин үзбөйт деген!жарым жылаңач болуп журсо эркектин сугу артып,ошондон башталат экен баары,бул деген ошол чечинген жарым жылаңач чачын жайган албарсты өзү күнөөлүү деген,хиджаб кийип дин жолунда жүргөн эже карындаштар аман болуңуздар,мен силерди сыйлайм Аллах үчүн
17.12.2021. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эми эсине келиптир да,буга чейин акча табыш оной экен да,товар сатсан да озундо калат экен деп жургон да
19.12.2021. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кана гейлерди колдогон байагы укук коргоочулар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: