Бааңызды бериңиз! Ош шаарынын бренди иштелип чыкты








Бүгүн, 17-декабрда мэр Алмаз Мамбетов туризм тармагын өнүктүрүү боюнча иштелип чыккан Ош шаарынын брендин презентациялады.
Ага президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары, шаардык кеңештин төрагасы, мекеме-ишканалардын жетекчилери, туристтик компаниялар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана тургундар катышты.
Эми Ош шаары дүйнөлүк туризм тармагына өзүнүн бренди менен чыгат. Борбор Азиядагы шаарлардын арасында эң алгачкы жолу Ош шаары өзүнүн туристтик брендин иштеп чыкты. Туристтик логотип үчүн конкурс жарыяланып, ага 70тен ашык эмгек келип түшкөн.
Атайын түзүлгөн жумушчу топ тарабынан орусиялык Михаил Чулиндин логотиби жактырылды. Брендде Улуу Жибек Жолун чагылдырган кербен, Оштун символу болгон Сулайман-Тоо, жарым ай жана жылдыз камтылган. Жеңүүчү болгон дизайнерге Ош шаарынын мэриясы тарабынан 100 миң сомдук сертификат тапшырылды.
Алмаз Мамбетов мэрлик кызматка келгенден тартып Ош шаарын туристтик шаарга айлантуу максатын койгон. Бүгүнкү иш-чара аркылуу буга алгачкы кадам ташталды. Мэр негизги багыттарына ылайык туризм тармагын өнүктүрүү үчүн аракеттер көрүлө турганын билдирди.
Иш-чарада улуттук кийимдердин көргөзмөсү болуп, туризм тармагынын өкүлдөрүнүн жакындан баарлашуусу менен коштолду. Ошондой эле бир катар мекемелерге, адистерге кошкон салымы үчүн Ош шаарынын мэриясынын ыраазычылык баракчалары ыйгарылды.


Англисчеси балким чет элдиктер учун тушунуктуу болушу мумкун. Бирок орусча жана кыргызчасы эмес.
Кыргызча эл тушунгон, тушунуктуу суйлом жок бекен? Киргизы, киргизбайлар........
Неужели Оштун мэриясында акылсыздар отурат? Тузук, тушунуктуу суйлом куроо колдорунан келбесе.
Эми суйломду карагыла. "Ош жибек жолунун провайдери". Же "Ош жибек жолунун камсыздоочусу". Бул эмне деген сандырак суйлом болду?! Эмне менен камсыздап турган
жибек жолун?