VIII эл аралык “ART-ORDO - 2021” театр фестивалынын спектаклдеринин жеңүүчүлөрү сыйланды

Кыргыз Республикасынын эл артисти, көрүнүктүү режиссёр Искендер Рыскуловдун 80 жылдык мааракесине карата онлайн форматында өткөн VIII эл аралык “ART-ORDO - 2021” театр фестивалынын спектаклдеринин жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Онлайн форматта өткөн иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу катышып, бардык жеңүүчүлөрдү жана катышуучуларды куттуктап, чыгармачылык ийгиликтерди каалады.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
- Театр салтын сактагандыгы үчүн - Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын “Кубат бий”;
- Эң мыкты эпизод боюнча - “Уя” спектаклинде кыздын образын мыкты жараткандыгы үчүн “Театр 705” тобунун артисти Айсанат Эдигеева;
- Экинчи пландагы эркектердин ролу - “Ханзада Хамлет” спектаклиндеги Клавдийдин ролун мыкты жараткандыгы үчүн Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарындагы жаштар театрынын артисти Адыл Ахмедов;
- Экинчи пландагы аялзатынын ролу - “О, кыздар” спектаклинде Зейненин ролун мыкты жараткандыгы үчүн А. Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрынын артисти Гүлүмкан Садирова;
- Эркектердин эң мыкты ролу - “Өмүр кечиндеги өкүт” спектаклиндеги Либеро Бокконун ролун мыкты аткаргандыгы үчүн Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрынын артисти Адыл Абдубахитов;
- Эркектердин эң мыкты ролу - “Текшерүүчү” спектаклиндеги Хлестаковдун ролун мыкты аткаргандыгы үчүн Ч. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Улуттук орус драма театрынын артисти Михаил Калюжный;
- Аялзатынын эң мыкты ролу - “Медея” спектаклинде Медеянын ролун эң мыкты аткаргандыны үчүн Татарстан Республикасынын Альметевск драма театрынын артисти Мадина Гайнулина;
- Аялзатынын эң мыкты ролу - “Түнкү кат” спектаклинде аялдын ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн Ысык-Көл облустук К. Жантөшев атындагы музыкалык драма театрынын артисти Жылдыз Саитова;
- Эң мыкты музыкалык жасалгалоо - "Коркут” спектаклинин музыкасын мыкты жасалгалагандыгы үчүн Бабур атындагы Ош облустук өзбек музыкалык драма театрынын музыка коюучусу Азизулло Ахметов;
- Эң мыкты сценография - “Коргансыздын күнү” спектаклин мыкты жасалгалагандыгы үчүн Казакстан Республикасынын Талды-Коргон облусундагы Б. Римова атындагы музыкалык драма театрынын сүрөтчүсү Карлыгаш Шалабаева;
- Эң мыкты режиссура - Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын “Мармеладовдор” спектаклин мыкты койгондугу үчүн режиссёр Шамил Дыйканбаев;
- Гран-при “Эң мыкты спектакль” - Б. Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын “Жат эмесмин” спектакли;
- И. Рыскулов атындагы республикалык сыйлык менен Талды-Коргон облустук Б. Римова атындагы музыкалык драма театрынын режиссёр-коюучусу Рахат Молдагали сыйланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
3:33
2025-07-23
2:45
2025-07-23

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.