Республикада көмүрдүн баасы ноябрга салыштырмалуу дээрлик 9 пайызга төмөндөдү
Көмүрдүн чекене баалары республика боюнча 17-декабрга карата ноябрь айына салыштырмалу орточо эсеп менен алганда бир тонна үчүн 5 миң 205 сомду түзүп, 8,3 пайызга төмөндөдү. Бул Исфана (бир тонна үчүн – 2 миң 268 сом), Баткен (бир тонна үчүн – 1 миң 930 сом), Ноокат (бир тонна үчүн – 1 миң 755 сом) жана Талас (бир тонна үчүн – 1 миң 620 сом) шаарларында төмөндөшүнө байланыштуу дешти Улуттук статистикалык комитеттен.
Муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында бир тонна үчүн - 3 миң сом, Балыкчы шаарында бир тонна үчүн – 4 миң 49 сом, Нарын шаарында бир тонна үчүн – 4 миң 500 сом, Кара-Балта шаарында бир тонна үчүн – 4 миң 500 сом болгону байкалды. Ошол эле учурда көмүргө жогорку баа Ноокатта бир тонна үчүн – 7 миң 663 сом, Баткенде бир тонна үчүн – 7 миң 788 сом жана Кербенде бир тонна үчүн – 7 миң 250 сом экени такталды.
2021-жылы көмүрдүн орточо керектөөчү баалары айрым калк жашоочу пункттарында
(бир тонна, сом)
Ноябрь |
17-декабрга |
Четтөө: |
|
Кыргыз Республикасы |
5 677,0 |
5 205,5 |
-471,6 |
Каракол ш. |
6 334,6 |
6 325,7 |
-8,9 |
Балыкчы ш. |
4 049,7 |
4 049,7 |
0,0 |
Кербен ш. |
5 999,2 |
7 250,6 |
1 251,4 |
Токтогул ш. |
7 395,1 |
6 488,9 |
-906,2 |
Жалал- Абад ш. |
7 054,0 |
6 988,1 |
-65,9 |
Чаек а., Жумгал району |
3 000,0 |
3 000,0 |
0,0 |
Нарын ш. |
4 500,0 |
4 449,7 |
-50,3 |
Исфана ш. |
9 117,3 |
6 848,4 |
-2 268,9 |
Баткен ш. |
9 718,8 |
7 788,7 |
-1 930,1 |
Кара-Суу ш. |
7 000,0 |
7 000,0 |
0,0 |
Ноокат ш. |
9 418,1 |
7 663,1 |
-1 755,0 |
Өзген ш. |
6 246,7 |
5 863,6 |
-383,1 |
Покровка а., Манас району |
5 500,0 |
5 800,0 |
300,0 |
Талас ш. |
7 232,7 |
5 612,5 |
-1 620,3 |
Кара-Балта ш. |
4 500,0 |
4 500,0 |
0,0 |
Токмок ш. |
4 647,6 |
4 598,9 |
-48,7 |
Бишкек ш. |
5 039,4 |
4 500,0 |
-539,4 |
Ош ш. |
7 165,6 |
6 763,5 |
-402,0 |
"Жергиликтүү өндүрүлгөн көмүргө бааларды жөнгө салуу максатында министрлер кабинетинин токтому менен көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. Балыкчыда тоннасы 3 миң 200 сом, Жалал-Абадда тоннасы 4 миң сом, Ноокатта тоннасы 5 миң сом жана Бишкекте тоннасы 3 миң сом деп арзандатылган баада көмүр сатуу түйүндөрү катталган. Көрүлгөн чаралардын убактылуу мүнөзүн эске алуу менен, жогоруда көрсөтүлгөн баалар Улуттук статистика комитети тарабынан көмүрдүн орточо баасын эсептөөнүн жүрүшүндө жалпы суммага киргизилген эмес", - деп айтылат комитеттин билдирүүсүндө.
Көмүргө (импорттук жана жергиликтүү көмүргө) карата орточо керектөө бааларынын талдоосу республиканын 18 калктуу конуштарында чекене баалардын жума сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде жүргүзүлдү.



1 |