super.kg logo

Өлкөдө туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлөт

 

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттик администрациядан кабарлашты.

Туристтик тармактын субъекттерин мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу, туристтик инфратүзүмдү (анын ичинде транспорттук, коммуналдык, инновациялык, оюн-зооктук жана туризм чөйрөсүнө тартылган башка инфратүзүмдөрдү) реконструкциялоого жана өнүктүрүүгө ички жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн инструменттерди өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалын жогорулатуу максатында токтом кылынат:

- Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

- "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" мамлекеттик мекемесин белгиленген тартипте түзсүн;

— Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: