Министр индиялык ишкерлерди Кыргыз өлкөсүнө инвестиция салууга чакырды
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Индиянын мамлекеттик жана жеке менчик компанияларынын жетекчилери, өкүлдөрү менен жолугушту. Министрликтен билдиришкендей, жолугушуу 17-декабрда болуп, "THDC India Limited", "Rail Vikas Nigam Limited", БРИКС соода-өнөр жай палатасы, "Power Engineering Pvt Ltd", "Generation Next Group" компанияларынын өкүлдөрү катышкан.
"Жолугушууда Руслан Казакбаев өлкө жетекчилиги тарабынан инвестицияларды коргоо жана бизнести колдоо боюнча көрүлүп жаткан чараларга токтолду. Ошондой эле Кыргыз Республикасына инвестициялоонун бир катар артыкчылыктары тууралуу айтып, индиялык ишкерлерди Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестиция салууга чакырды. Бул контекстте жеңилдетилген салык режимдери, Кыргыз Республикасынын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо жана ЕАЭБге мүчөлүгү белгиленди. Соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулууда. 2021-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен (январь-сентябрь) Кыргыз Республикасы менен Индиянын ортосундагы товар жүгүртүү 39,5 миллион долларды, Индиядан келген инвестиция 687 миң долларды түздү", - деп айтылат маалыматта.
Тараптар ошондой эле гидроэнергетика, саламаттыкты сактоо жана транспорт-коммуникация тармагындагы конкреттүү долбоорлорго өзгөчө басым жасоо менен экономиканын түрдүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча эки өлкөнүн потенциалын талкуулашты. Анын алкагында президент Садыр Жапаровдун Индияга боло турган иш сапарынын алкагында бизнес-форум өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди. Тараптар ошондой эле аталган компаниялардын өкүлдөрү кыргыз-индия бизнес-форумун уюштурууга жана өткөрүүгө активдүү катыша тургандыгы тууралуу макулдашты.
Мындан тышкары, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз бизнес байланыштарды түзүү боюнча иш-чараларды уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
3:33
2025-07-23
2:45
2025-07-23

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.