super.kg logo

23 жаштагы кыздын сутенёру делген аял: "Кыздын сойку болуп иштээрин билген эмесмин, айткандары калп"

 

Буга чейин SUPER.KG порталына 23 жаштагы кыз кайрылып, Г.Ш. аттуу аялдын бейкүнөө жигиттерге "зордуктады" деп доо тагып, акча алганын, анын бири 1 жылга эркинен ажыратылганын айткан. Кыз сойку катары иштеп, тапкан акчасын Г.Ш`га бере турганын айткан. Аны менен катар кыз аялга акча карыз болгондуктан энеси күрөө катары Г.Ш`нын колунда экендигин маалымдаган. Биз Г.Ш. менен байланышып экинчи тараптын үнүн уктук.

"Бул кыз 2014-жылдын март айында биздин кошунабыз аркылуу "жашай турган жерим, атам жок" деп келген. "Апам бизди бага албай бешөөбүздү беш жакка таратып жиберди" деди. Көрсө, апасы өзүнүн алысыраак туугандарына мектепте окусун деп бериптир. Себеби, кыз айылда жүргөндө эле окугусу келчү эмес экен. Өспүрүм туугандарынын үйүнөн акча уурдап качыптыр. Мен кыз келгенден кийин апасы менен байланыштым. Анткени бул кыздын эмне кылып жүргөнүн билишим керек эле. Апасы бир айдан кийин келип "кызымдын окугусу жок, андай болсо иштесин" деп суранды. Ошол учурда боюмда бар эле. Бул кызды бала багуучу кылып алдым. Мага бир күндө 3-4 саат жардам берип кетчү. Менин үйүмдөн чыккандан кийин кайда барып, эмне кылып жүргөнүн билбейм. Анткени шаарда эжекеси бар эле. Ошонукуна барып, келип жүргөн.

5 айдан кийин кыз айтпай эле Ысык-Көлгө үйүнө кетип калды. Апасына чалсам "бул кыздын айтпай, дебей кетип калчу адаты бар" деди. Мен жоопкерчиликсиз болсо кандай кылам десем, "бала да, көнөт" деп койду. Мен келбесин дегениме карабастан өзү чалып, суранып келди.

Келгенден 2 ай өтпөй булар клубга барып эс алышыптыр. Мен кеткенин билген эмесмин. Кечки саат 22:00 чамасында ушундай окуя болуп калды деп мени РИИБге чакырышты. Барсам бирөө аны зордуктап кеткен экен. Апасына чалсам "келе албайм, шартым жок" деди. Тергөөчү экспертизадан кийин өкүл болуп, арыз жазышымды суранды. Ал бала 1 жылдай камакта отурду. Андан башка кыз айтып жаткан эки баланы билбейм жана көргөн да эмесмин. Азыр бул кабарды окуп жаткан болсо кайрылышсын.

Баланын соттук процесси жүрүп жаткан маалда кыз баягы адатынча качып-конуп жүрдү. Ошентип жүрүп соттук процесс аяктагандан кийин кыз айтпай, дебей Таласка күйөөгө тийип кетти. Бир айдан кийин ак жоолук салынып күйөөсү менен келди. Мен жакшы каалоо-тилектеримди айтып узаттым. Бирок эки ай өтпөй эле жолдошум сабап жатат деп жаза баштады. Мен турмушка чыккандан кийин ал жерде жашашың керек дедим. Ал "акылыма келдим, эми мындай нерселерди кайталабайм" деп суранып жатып кайра келген. Ошентип жүрүп 2018-жылы "апама насыя алып бериңизчи" деп суранды. Ага чейин менден азыраак акча карызга алып, бере албай жүргөн. Үйдө жүрүп менин банкта иштеген таанышым бар экендигин билчү. Мен макул болуп апасынын атына күбөлөндүрүүчү катары насыя алып бергем.

Баягы насыяны төлөөгө убакыт келгенде кыз качып кетти. Анан банктагылар мага чала башташты. Кыз келип кайра насыя алып беришимди суранды. "Мурункусун жаап, калганына иш кылам" деди. Айла жок алып бердим. Анткени мурдагы насыя төгүлбөй жаткан. Экинчи жолу насыя алып берерде кошуна келиндерден күбөлөндүрүүчү болуп берүүсүн сурандым. Көрсө, банк алардын мүлкүн күрөөгө коюп коёт экен. Акыры алар да жанымды койбой калды. Насыялар төгүлбөй калганда алар менин үстүмдөн арыз жазышты.

Кыз бул жол аркылуу менден кутулуп, карызды төлөбөй калам деген ой менен ушу нерселерди жасап жатабы деп ойлойм. Эки жылдан бери апасы менен шаарда чогуу жашап жаткан. Мени азыр "күрөөгө койду" деп жатат. Мен буга чейин кыздын сойку болуп иштээрин билген эмесмин. Ал эч менин колума акча алып келип берчү эмес, насыяны өзү төкчү. Мен да бул кыздын үстүнөн арыз менен кайрылдым. Анткени жок жерден мени жаманатты кылып жатат. Төргөө амалдарынын жүрүшүндө бардык нерсе ачыкка чыгат деп ишенем. Мен азыр нес абалдамын", - деди ал.


кошулду





Сойкулуктун кылтагына илинген кыздын чыры

Автор: Жолдубек Качкынбаев
Оператор: МухаммадЗиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
19.12.2021. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ишенбесен 2 жолу неге алып берет кредит экооно тен ишенген жокпуз
19.12.2021. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Накта кудайдан жоо качкандар ушуларго ..
19.12.2021. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Жашоо бул театр, биз баарыбыз андагы актёрбуз.
19.12.2021. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Сутенерда, берки сойкуда артист, кимисине ишеништи билбейсиң!!!
19.12.2021. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ушул катында күнөө көбүрөөктөй болбосо кантип 2 жолу кредит алып берет фантастика
19.12.2021. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Келбей качып жүргүдөй сен ага ким элен, эмне үчүн сага келиш керек. Ушул эле жерден билсе болот, сенен корккону үчүн зорго келип жүргөн, мынтип эки жолу кредитти апасына оформить этсең. Акмак балдарың бар экен, экөөң тең кудайдан коркпойсуңарбы. Кызды кое бер, өз апасы менен тиргилигин кылсын. Арам акчадан алыс болуп бешенең менен тапканга үйрөнгүлө. Бирок сиз жаш кызды, апасы экөөнү ушундай акыбалга салганыңыз үчүн жооп беришиңиз керек.
19.12.2021. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Две сапога одна пара
19.12.2021. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Олуп кетсенер бирдемке болуп,Аллахтын алдында актана албайсынар.Пока убакыт бар озунор ыйманга келгиле.
21.12.2021. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коргонду комгон жениптир,комбогонмун деп дегенден болуп жатат та ээ.Азыр кыз саткандар кобойгондон кобойгон го.Ар бирибизге ыйман,ынсап берсин.Алалдан таап жейлик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: