"Менин балдарым да чоң атасынын мээримисиз чоңоюп жатышат". Сеид Атамбаев Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүнө жооп кылды
Кечээ, 18-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасына небереси менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, көңүл жылытарлык билдирүү калтырган.
"Ата-энемдин үйүнө келдим. Баары башкача. Мени неберем Альмир тосуп алды", - деп жазган ал.
Көп өтпөй абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев дагы Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүнө жооп иретинде билдирүү калтырды. Анда ал Алмазбек Атамбаевдин неберелеринин сүрөтүн Камчыбек Ташиевдин жогорудагы сүрөтү менен чогуу жарыялаган.
"Таасирдүү сүрөт! Камчыбек Кыдыршаевич кандай гана камкордук, мээрим жана сүйүү менен небересин кармап турат. Чынында ар бирибиз атабыз, чоң атабыз. Менин балдарым да сүйүктүү чоң атасы жок чоңоюп жатышат. Мындан кийин да чоң атасынын сүйүүсүсүз, камкордугусуз жана мээримисиз чоңоё беришет. Чын айтам сагынышат...", - деп жазды Сеид Атамбаев.


Суроо: Суперди Камчы менен Садырдын бир дакансасы жетектеп калганбы? Болбосо эмнеге супердин жетекчилиги бул акмак админ же акимин тыя албайт?!
Жашоо бумеранг