Кол булгалап, желек көтөрүшүп... Жалал-Абадда Садыр Жапаровдун кортежин жол жээктей тизилип тоскон элдин видеосу
Социалдык тармактарда Жалал-Абад облусунда президент Садыр Жапаровдун кортежин жолдун эки тарабына тизилип тосуп алган жашоочулардын видеосу тарады. Анда жергиликтүү тургундардын желектерди булгалап, өлкө башчысынын кортежин өткөрүп жатканын көрүүгө болот.
Видеону бөлүшкөн социалдык тармактын колдонуучусу: "Өзүңөр ирээнжибей элесиңерби? Ушуну уюштурган жетекчилердин баарын жоопко тартып, жумуштан айдаңыз! Бул аппараттан баштап губернатор, айыл өкмөткө чейинки схема", - деп жазган.
Башка колдонуучулар бул көрүнүшкө нааразычылыгын билдиришип, элди минтип көчөгө чыгууга мажбурлаган атка минерлерди жазалоону талап кылган билдирүүлөрдү калтырышкан.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 18-19-декабрда жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусунда болду. Өлкө башчысы аталган аймакта УКМКнын Чек ара кызматына тапшырылган "Байрактар" учкучсуз учактарын кабыл алды. Ошондой эле курулуп жаткан социалдык объектилер менен таанышты.
кошулду


Кошоматчылар уюштурушту
Ошондо колундан башка дагы не келет, клон никтерди ишке салуудан, плюс минус басуудан, ууру бийлигинди мактагандан башка?!
Менин 10 чамалуу никтеримди биринин артынан башкаларын блоктогон да сен голубой блядь.
Ойлойсунбу, суперде бийликти сындаган эч ким калбаса, реалдуу жашоодо, кочодо бийликти эч ким сындабай калат деп.